БУУ : "Идлибде абал начар"

БУУнун гуманитардык боюнча жооптуу башкы катчысынын орун басары  Марк Лоукок Идлибде гуманитардык абалдын барган сайын начарлагандыгына көңүлдөрдү бурду.

1350338
БУУ : "Идлибде абал начар"

БУУнун гуманитардык боюнча жооптуу башкы катчысынын орун басары  Марк Лоукок Сириянын түндүк  - батышында өзгөчө да Идлибде гуманитардык абалдын барган сайын начарлагандыгына көңүлдөрдү бурду. Маарратүннуман, Саракеб жана Халептин батышында кагылышуулардын күч алгандыгын белгилеген Лоукок  15 – 23 -  январь күндөрү болгон кагылышууларда 81  жарандын каза болгондугун, алардын ичинен көпчүлүгү аялдар менен балдар экендигин айтты. Лоукок : «Сирия өкмөтү жана колдоочулары абадан жүздөгөн жолу кол салган Идлибдин түштүгүнөн кабарлар келүүдө»,- деди.

Халепте да башка куралдуу топтордун кагылышууларды улантып жаткандыгын айткан Лоукок жүз миңдеген жарандын өмүрүнүн коркунучта экендиги боюнча эскертти.

Акыркы эки күндө 20 миң, акыркы эки айда 390 миң кишинин кол салуудан качууга мажбур болгондугун жана жерлеринен кеткендигин айткан Лоукок 12 -  январда Түркия жана Орусия тарабынан жарыяланган ок атышпоонун орундатылбагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар