Ирактагы митингдер

Түштүктөгү Зикар, Кадисийе, Нежеф, Вавилиондо ыктымалдуу абалдарга карата расмий эс алуу жарыяланды.

1343815
Ирактагы митингдер

Ирактын борбор шаары Багдат жана түштүк шаарларында өкмөткө каршы чыккан митингчилер жолдордо резиналарды өрттөө менен унааларга жабуу аракеттерин улантып, кээ бир аймактарда бүгүн расмий түрдө эс алуу жарыяланды.

Митингчилер Багдатта шаардын борбору менен эки жагын бири бирине байланыштырган шоссе менен көпүрөлөрдө резиналарды өрттөшүп унааларга жабышты. Коопсуздук күчтөрү митингге чыккандарга карата газ бомбасы менен кээде чыныгы ок колдонуу менен кийлигишүүдө.

Багдат менен түштүк аймактарында да митингчилер бир топ негизги жол жана көпүрөлөрдө резинеларды өрттөшүп жолдорду жабышты.

Түштүктөгү Зикар, Кадисийе, Нежеф, Вавилиондо ыктымалдуу абалдарга карата расмий эс алуу жарыяланды.

Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр да болгондор тууралуу соцтармактан берген маалыматында митингдердин тынчтык менен улантылышын жана Хашди Шабинин митингчилерге кийлигишүү каражаты катары колдонулбашын суранды.

Шиит диний жана саясий лидер жаңы бир премьер  - министрдин чукул түрдө шайланышы керектигин белгилеп өлкөнүн коркунуч менен бетме  - бет экендигин эскертти.



Тектеш кабарлар