Ким Чен Ын:«Дүйнө жүзү жакынкы келечекте жаңы стратегиялык куралдарга күбө болот»

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAда орун алган маалыматка караганда Ким Чен Ын, өлкөнү башкарган Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин жыйналышында сөз сүйлөдү.

1333326
Ким Чен Ын:«Дүйнө жүзү жакынкы келечекте жаңы стратегиялык куралдарга күбө болот»

Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын, дүйнө жүзүнүн жакынкы келечекте өлкөсү өнүктүргөн жаңы стратегиялык куралдарга күбө боло турганын белгиледи.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAда орун алган маалыматка караганда Ким Чен Ын, өлкөнү башкарган Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин жыйналышында сөз сүйлөдү.

Ким, АКШ менен карым-катнаштарда ишенимди куруш үчүн өзөктүк курал жана континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтоткондорун, бирок Вашингтон башкаруучулугунун буга Түштүк Корея менен биргелешкен машыгуу өткөрүп жана Пхеньянга дагы көп санкция киргизип жооп бергенин айтты.

АКШнын өздөрүн алагды кылганын белгилеген Ким, бул шарттар астында ракета сыноолорун токтотуу келишимине бир беткей баш ийүүлөрүн талап кыла турган абал болбогонун белгиледи.

Түндүк Кореянын стратегиялык куралдарды өнүктүрүү долбоорлорун дагы таасирдүү илгерилетиши керектигин баса белгилеген Ким: «Дүйнө жүзү жакынкы келечекте Корея Демократиялык Эл Республикасынын жаңы стратегиялык куралдарына күбө болот»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын, өлкөсүнүн өзөктүк куралдарын канчалык күчтөндүрө турганынын АКШнын келечектеги мамилесине жараша боло турганын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Пхеньян лидеринин билдирүүлөрүнөн кийин журналисттерге берген маалыматында, Ким менен абдан жакшы карым-катнаштары болгонун айтты.

Трамп: «Өзөктүк куралдардын жок кылынышынын сүйлөшүлө турганы жөнүндө келишимге кол койду. Бул келишимге Сингапурда кол коюлду. Мен анын убадасын аткара турганын ойлоодомун. Байкап көрөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар