Эрдоган Фармажого көңүл айтты

Террористтердин бомбалуу кол салуусунан 90 адам көз жумган.

1331632
Эрдоган Фармажого көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сомалинин президенти Мухаммед Адлуллах Фармажого бомбалуу кол салууга байланыштуу көңүл айтты.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган, Сомалинин президенти Фарможо менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Сомалиде террористтердин бомбалуу кол салуусунан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Сомали элине көңүл айткан Эрдоган, террор менен күрөшүүдө Сомалиге колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын билдирди.

Сомалинин борбор шаары Могадишодо ишемби күнү студенттерди ташынан автобус өтүп бара жаткан учурда болгон бомбалуу кол салууда экөөсү түрк жараны жалпы 90 киши көз жумган болчу.



Тектеш кабарлар