Австралияда экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Австралиянын узун убакыттан бери өрт менен күрөшкөн аймагы Жаңы Түштүк Галлерде экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды.

1326287
Австралияда экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Австралиянын узун убакыттан бери өрт менен күрөшкөн аймагы Жаңы Түштүк Галлерде экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Эки айдын ичинде экинчи жолу «өзгөчө кырдаал» жарыяланган аймакта жетекчилер өрттүн Сидней шаарына карай келишинен тынчсызданууда. Бул тууралуу маалымат берген аймак жетекчиси Гладис Бережиклиан : «Алдыбыздагы бир канча күн үчүн эң чоң тынчсыздануубуз катуу шамал менен ашыкча ысыкка тоскоол боло албагандык»,- деди.

Аймактагы өзгөчө кырдаалдын 7 күнгө созулушу пландалууда.

Шейшемби күнү 40, 9 сантиграт даража  орточо ысыктык менен эң ысык күн рекордуна  жеткен өлкөдө биринчи өзгөчө кырдаал ноябрь айынын ортолорунда жарыяланган.

2,7 миллион гектарга жакын аянтта таасирдүү болгон өрттө эң аз 744 үй, 49 комплекс жана 1852 кошумча имараттын жараксыз абалга келгендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар