Пакистанда Первез Мүшерреф өлүм жазасына тартылды

Азыркы учурда Дубайда жашаган Мүшеррефтин өлкө тышына чыгышына ден соолугуна байланыштуу уруксат берилген.

1324847
Пакистанда Первез Мүшерреф  өлүм жазасына тартылды

Пакистандын мурунку президенти Первез Мүшерреф 2013 -  жылы ачылган бир доодо мекенге кыянаттыктан  өлүм жазасына тартылды. Үч мүчөдөн турган атайын сот Мүшеррефтин өлүм жазасына тартылышына чечим чыгарды.

Первез Мүшерреф ден соолуган байланыштуу 2016 -  жылы өлкө тышына чыккан. Азыркы учурда Дубайда жашаган Мүшеррефтин өлкө тышына чыгышына ден соолугуна байланыштуу уруксат берилген.

Генерал Первез Мүшерреф 1999 – жылы сокку менен бийликке келген. Мүшерреф 2001 – 2008 -  жылдардын арасында Пакситандын президенттик кызматын аткарды.

Пакистандын информация  министри Фирдоус Ашик Аван Первез Мүшеррефтин мекенге кыянаттык кылмышынан өлүм жазасына тартылгандыгына байланыштуу чечимди кенен түрдө иликтеше тургандарын билдирди. Аван өлүм жазасынан кийин массалык маалымат каражаттарына берген маалыматта Пакистандын премьер  - министри Имран Хандын өлкө тышында экендигин жана премьер  - министр Хандын өлкөгө кайтышы менен өлүм жазасы чечиминин сүйлөшүлөрүн айтты. 

Араларында укукчулар да болгон  бир адис делегация менен маселени карап чыгышарын айткан Аван : "Чечимди кенен түрдө иликтеп чыгабыз. Маселенин улуттук кызыкчылыктарга тийгизе турган таасирин  карап чыгып маалыматты массалык маалымат каражаттары менен бөлүшөбүз",- деди. 

Аван Дубайдагы  Мүшеррефтин Пакистанга алып келинишине карата берилген суроого : "Укуктук жагы жана күнүбүздүн чындыктарын карап чыгып керектүү чечимди чыгарабыз",- деп жооп берди. 

Чечим тууралуу твиттерден маалымат берген Пакистан Элдик партиясынын тең төрагасы жана мурунку премьер  - министр Беназир Буттонун уулу Билавал Бутто  - Зердари болсо : "Демократия эң мыкты реваншта. Көп жаша Бутто",- деп бөлүштү. 

 

 

 



Тектеш кабарлар