Израилге көчкөн еврейлердин саны

Израиль курулган 1948 – жылдан бери  башка өлкөлөрдөн 3 миллион 300 миң еврейдин көчүп келгендиги билдирилди.

1324992
Израилге көчкөн еврейлердин саны

Израиль курулган 1948 – жылдан бери  башка өлкөлөрдөн 3 миллион 300 миң еврейдин көчүп келгендиги билдирилди.

Израиль борбордук статистика мекемеси тарабынан жарыяланган отчетто Израилге көчүп барган 3 милион 300 миң еврейдин 43 пайызынан ашыкчасынын 1990 -  жылдан кийин бул өлкөгө баргандыгы белгиленди. Бул жылдын биринчи 10 айында 27 миң 300 еврейдин Израилге көчкөндүгү, бул санда 2018 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 20 пайыздык өсүү болгондугу билдирилди.

2018 – жылдын баштарындагы расмий сандарга караганда жалпы дүйнөдө 14, 7 миллион еврей болгон жана булардын 6, 6 миллиону Израилде, 5,7 миллиону АКШда, калгандары түрдүү аймактарда жашап жатат.

Кайсы бир өлкөдө жашаган бир еврейге өлкөгө көчүп келүү укугун берген Израиль БУУнун 194  номердүү чечиминин ишке ашышына каршы чыгып , 1948 – жылы мажбур түрдө көчүрүлгөн палестиндердин  өлкөлөрүнө кайтып келишине болсо тоскоол болууда.

Израиль дүйнөнүн түрдүү аймактарындагы еврейлерди Израилге жайгашуусун да колдоп жатат.

 



Тектеш кабарлар