Зариф аймактагы кагылышуулар туурасында пикирлерин бөлүштү

Ирандын мамлекеттик медиасына караганда Зариф, Катарда уюштурулган «19-Доха форуму» иш-чарасынын алкагындагы сөзүндө аймактагы абалдар туурасында пикирлерин бөлүштү.

1324004
Зариф аймактагы кагылышуулар туурасында пикирлерин бөлүштү

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Зариф,аймактагы кагылышууларды тынчтыкчыл жолдор менен чечүү керектигин айтты.

Ирандын мамлекеттик медиасына караганда Зариф, Катарда уюштурулган «19-Доха форуму» иш-чарасынын алкагындагы сөзүндө аймактагы абалдар туурасында пикирлерин бөлүштү.

Зариф, Сауд Арабиянын Катарга койгон блокада жана Йеменде жүргүзгөн согушунун жаңылыш эсептердин натыйжасында келип чыккан эки апаат үлгүсү болгонун жактап, бул абалдардын аймактын өкүмдарлыгын колго алыш үчүн жаңылыш пландалган мүмкүнчүлүк түшүнүгүнө дагы мисал болгонун айтты.

Энергетика коопсуздугун жана кемелердин эркин сүзүүсүн кепилдикке алган коопсуздук перспективаларына муктаждык болгонун баса белгилеген Зариф: «Аймактагы бардык араздашууларды жана кагылышууларды тынчтыкчыл жолдор менен жана карым-катнаштарды өнүктүрүп чечишибиз керек. Көп багыттуу диалогго таянган жаңы аймактык жакындашуу абдан маанилүү»,-деген сереп салды.

Зариф, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн 2014-2018-жылдар аралыгында дүйнөдөгү курал импортунун төрттөн бирин ишке ашырганын жана АКШнын президенти Дональд Трамптын 7 триллион доллардык курал алуусунун жасалганын моюнга алганын белгилеп кетти.

Ысымын атабастан Сауд Арабияга шилтеме кылган Зариф: «Айрымдары башкалардын үстүнөн киреше таба турганын ойлоп жатышат. Бул өлкөлөр коңшуларын жаман абалда калтырып коопсуз жашай тургандарына ишенишүүдө, бирок бул ыкма натыйжа берген жок жана бербейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар