Трамп:«Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын душманча мамиле кылса жогото турган көп нерсе болот»

АКШнын президенти Дональд Трамп, социалдык медиа барагы Твиттерден бул тууралуу маалымат бөлүштү.

1319929
Трамп:«Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын душманча мамиле кылса жогото турган көп нерсе болот»

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын душманча мамиле кылган учурунда жогото турган көп нерсе болоорун белгилеп кетти.

Дональд Трамп, Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонгдун өзөктүк куралдардан тазалануу беренесинин эми сүйлөшүү үстөлүндө болбогону жөнүндөгү билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Социалдык медиа барагы Твиттерден берген маалыматында Трамп: «Ким Чен Ын абдан акылдуу жана эгерде душманча мамиле кылса чындыгында жогото турган көп нерсе бар. Сингапурда мени менен Өзөктүк куралдардан тазалануу боюнча күчтүү келишимге кол койду»,-деп бөлүштү.

Трамп: «(Ким Чен Ын) АКШнын президенти менен болгон атайын карым-катнашын жараксыз кылуу же ноябрь айында боло турган АКШнын президенттик шайлоолоруна кийлигишүүнү каалабайт. Түндүк Корея, Ким Чен Ындын жол башчылыгында укмуш экономикалык потенциалга ээ, бирок убада берилгени сыяктуу өзөктүк куралдардан тазаланышы керек. НАТО, Кытай, Орусия, Жапония жана бүткүл дүйнө бул темада бирикти»,-деди.

Мурдагы күнү Ак үйдө журналисттерге маалымат берген Трамп, «Карым-катнаштарыбыз абдан жакшы, бирок бир аз душмандык болгонунда да шек жок»,деген серебин салды.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонг өз сөзүндө, «Учурда АКШ менен көпкө созулган жолугушуулардын кереги жок жана өзөктүк куралдардан тазалануу темасы ансыз деле сүйлөшүү үстөлүнүн тышына чыкты»,-деп айтып, АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү максатынын президент Трамптын 2020-жылдагы шайлоолоруна карата убакыт утуу азгырыгы болгонун айтып чыккан.



Тектеш кабарлар