Украина : "Кара деңиз НАТО жана Түркиянын саясында коопсуз"

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Володимирович Пристайко Кара деңиздин НАТО жана Түркиянын саясында коопсуз  экендигин белгиледи.

1317331
Украина : "Кара деңиз НАТО жана Түркиянын саясында коопсуз"

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Володимирович Пристайко Кара деңиздин НАТО жана Түркиянын саясында коопсуз  экендигин белгиледи.

Пристайко Британиянын борбор шаары Лондондо катышкан бир конференцияда НАТОнун Европанын түндүгү жана Балтика өлкөлөрүнө көңүл бургандыгын айтты.

НАТОнун Кара деңиз аймагына дагы көп көңүл бурушу керектигин баса белгилеген Пристайко : «Кара деңиз аймагы НАТО жана Түркиянын саясында коопсуз. Кара деңиз аймагынын ачкычы коңшубуз Түркияда. Бул тууралуу НАТО менен бирдей пикирдебиз. Түштүк Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн улам оюбузду жогото турган болсок жалгыз калабыз»,- деди.

Пристайко кечээ Лондондо болгон НАТО лидерлер саммитинин 2008 -  жылы Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөндүгүн эске салып : «10 жыл өттү жана Украина менен Грузия НАТОго чакырылган жок. НАТОнун чечкинсиздиги, Орусиянын оболу Грузияга андан кийин Украинага кийлигишүүсүнө себеп болду»,- деди.

Министр Пристайко өлкөсүнүн НАТОнун чыгыш чек арасын коргогондугун айтты.



Тектеш кабарлар