Орусиянын президенти технологиялык аппараттарда жергиликтүү программа шарты мыйзамын бекитти

В. Путин Орусия программасына ээ болбогон уюлдук телефон жана компьютерлердин сатылышына тыюу салган мыйзамды бекитти.

1316722
Орусиянын президенти технологиялык аппараттарда жергиликтүү программа шарты  мыйзамын бекитти

Орусиянын президенти В. Путин Орусия программасына ээ болбогон уюлдук телефон жана компьютерлердин сатылышына тыюу салган мыйзамды бекитти.

Орусия мамлекеттик мыйзам системасында жарыяланган мыйзам боюнча өлкөдө 2020  - жыл 1 -июлдан баштап сатылган бардык уюлдук телефон, компьютер жана акылдуу телевизорлордун орус программалары менен иштеши керек.

Мыйзамдын кандай буюмдарды камтый тургандыгы жана программаларды бул аппараттарга жүктөө процессине байланыштуу маалыматтын орус өкмөтү тарабынан белгиленишин күткөн мыйзам менен буга баш ийбеген фирмаларга да оор акчалай жазанын берилиши пландалууда.

Орус жетекчилер мыйзам менен орус информатика фирмаларынын дагы атаандаш абалга келерин жана керектүүчө мыйзамдарынын да сакталарын жактап, кээ бир адистер мыйзамдын орус информатика секторунда баш- аламандыкка себепчи болоруна көңүлдөрдү бурууда.

Орусияда сатылган чет өлкөлөрдөн келген телефондордо орус издөө системасы менен катташуу колдонмолорунун орун алышы бир канча убакыт мурда да күн тартибине келген. Бул демилгеге Yandex, Mail.ru сыяктууорус технология фирмалары колдоо көрсөткөн болсо Apple, Samsung жана Huawei сыяктууфирмалар каршы чыккан.



Тектеш кабарлар