Иранда абанын булганышы

Иранда абанын булганышынан улам чыккан оорулардан жылда 33 миң киши каза болууда.

1316938
Иранда абанын булганышы

 Иранда абанын булганышынан улам чыккан оорулардан жылда 33 миң киши каза болууда.

Иран мамлекеттик теле көрсөтүүсүнө караштуу Жаш журналисттер клубунун кабарына караганда саламаттык сактоо министринин орун басары Али Рыза Реиси өлкөдөгү абанын булгануу катнашынын глобалдык  ортоломонун 3, 3 эсе үстүндө экендигин баса белгилед.

Реиси : «Чоң шаарлардагы абанын булганышынан улам өзгөчө 2, 5 микрондон  кичине бөлүкчөлөр кишилердин өпкөсүнө жана клеткаларына кирип жана бир топ ооруга жол ачууда»,- деди.

Борбор шаар Тегеран жана башка чоң шаарлардагы абанын булганышы өлкөдө жылдык 33 миң кишинин өлүмүнө себеп болгондугун белгилеген Реиси абанын булганышынын Иранга болгон чыгымынын да Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматына караганда 30 миллиард долларга жеткендигин билдирди.

Абанын айланышына ылайык болбогон, калкынын көптүгү жана эски унаалар менен миллиондогон мотоцикл чыгарган  газдар Тегеранда абанын булганышын арттырган факторлордун арасында көрсөтүлүүдө. Тегеран жалпы дүйнөдөгү абанын булганышы тизмесинде биринчи 12 шаардын арасында орун алды.



Тектеш кабарлар