Пакистанда чагылгандан 24 киши көз жумду

Бир канча шаарга чагылган түштү.

1307153
Пакистанда чагылгандан 24 киши көз жумду

Пакистандын түштүгүндөгү Синдх облусунда акыркы эки күндө таасирдүү болгон катуу жамгырлар убагында түшкөн чагылгандан 24 киши көз жумду.

Синдх аймагында шаршемби күнүнөн бери жаап жаткан жымгырлардын айынан бир канча шаарга чагылган түштү.

24 кишинин өмүрүн алган чагылгандан кеминде 30 киши жаракат алса, ондогон мал да кырылып калды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү туруксуз аба ырайынын ишемби күнүнө чейин улана тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар