Израилдиктер Түркия менен саясий мамиленин өнүгүшүн каалайт
Борбору Израилдин Рамат-Ган шаарында орун алган Израилдин аймактык тышкы саясаттар институту тарабынан 700 кишинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзүлдү.
![Израилдиктер Түркия менен саясий мамиленин өнүгүшүн каалайт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6e29/811e/e5a8/5dcba82b34d2a.jpg?time=1718804664)
Израилдиктердин чоң көпчүлүгү Түркия менен саясий карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүн каалайт.
Борбору Израилдин Рамат-Ган шаарында орун алган Израилдин аймактык тышкы саясаттар институту тарабынан 700 кишинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда израилдиктердин 53 пайызы Түркия менен саясий карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүн жактайт, 32 пайызы болсо буга каршы чыккан.
Израилдин аймактык тышкы саясаттар институтунун «Израилдин тышкы саясат индекси 2019» темасы менен 3,5 пайыздык жаңылуу ыктымалы менен сентябрь айында ишке ашкан сурамжылоодо Түркия менен карым-катнаштарга так мамиле көрсөтө албагандардын катнашы болсо 15 пайыз болгон.
Сурамжылоого караганда айрыкча израилдиктердин 45 пайызы эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдогон Европа Биримдигин «душман» деп белгилеген.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718804665)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.