Столтенберг Германияда «Манфред Вёрнер» медалы менен сыйланды

Столтенберг Берлинде өткөрүлгөн иш-чарада медалын Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп Карренбауэрден алды.

1301787
Столтенберг Германияда «Манфред Вёрнер» медалы менен сыйланды

Германия өкмөтү, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди «Манфред Вёрнер» медалы менен сыйлады.

Столтенберг баш калаа Берлинде өткөрүлгөн иш-чарада медалын Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп Карренбауэрден алды.

Карренбауэр бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, НАТОнун учурдагы чукул маселелерге чечүүчү жол тапкан уюм экенин баса белгилеп, НАТОнун тынчтык үчүн жумшаган аракеттерин мактады.

Столтенберг болсо сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип: «Карап туруунун ордуна тынчтык жана коопсуздукка күн сайын салым кошуубуз керек»,-деди.

Германиянын мурунку коргоо министри жана НАТОнун баш катчысы Манфред Вёрнердин атын ташыган медаль, 1996-жылдан бери Европада эркиндиктер жана тынчтыктын сакталышына маанилүү салым кошкон ысымдарга берилүүдө.



Тектеш кабарлар