Столтенберг: «Украина НАТОго мүчө болушу мүмкүн»

НАТОнун баш катчысы «1+1» каналына маек куруп берди.

1301023
Столтенберг: «Украина НАТОго мүчө болушу мүмкүн»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Украинанын НАТОго мүчө болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Украинадагы «1+1» каналына маалымат берген Столтенберг Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалдуулугуна баа берди.

Черногориянын НАТОго эки жыл мурда кошулгандыгын эске салган Столтенберг: «Түндүк Македония бир канча айдын ичинде НАТОго мүчө болот. Польша менен Балтика өлкөлөрүнүн Берлин дубалы кулагандан кийин НАТОго мүчө болоорун эч ким ойлогон эмес»,-деп сереп салды.

Украинанын НАТОго мүчө болушу мүмкүн экенин баса белгилеген Столтенберг: «Шериктештердин бардыгы Украинанын НАТОго мүчө болушун кабыл алышты. Украинанын НАТОго кошулуусу үчүн керектүү реформаларды ишке ашыруусуна жана коомчулугун өркүндөтүүсүнө жардамчы болобуз»,-деп айтты.

Йенс Столтенберг буга чейин Украинага сапар жасап, НАТОнун каалгаларынын Украина үчүн ачык экендигин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар