Афганстанда Талибан кол салды
Кол салууда 5 коопсуздук кызматкеринин каза тапкандыгы билдирилди.
1299658
Талибан террористтери Афганстандын Бадахшан аймагынын Нусей районуна кол салып, 5 коопсуздук кызматкери каза тапты.
Бадахшан коопсуздук директорлугунун катчысы Санауллах Рухами берген маалыматында террористтердин Нусей районунун борборуна кол салгандыгын белгиледи. Кол салууда 5 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун белгилеген Рухами кол салуудан кийин чыккан кагылышууда 4 Талибан террористтинин жок кылынгандыгын билдирди.
Талибандан берилген маалыматта болсо кол салууда 10 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугу билдирилди.