Ясер Арафаттын аты Палермодо бир аянтка коюлду
Палермо муниципалитетинин төрагасы Леолука Орландо мунун Осло келишимдерине кайтууга жана элдердин арасында туруктуу тынчтыкты түзүүгө карата аракет экендигин белгиледи.
Палестиндин мурунку мамлкет башчысы жана Палестин Боштондук Уюмунун лидери Ясер Арафаттын аты Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралынын эң чоң шаары Палермодо бир аянтка берилди.
Италиянын массалык маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда шаар портуна жакын Форо Италико районундагы бир аянтка маркум палестиндик лидердин элесине «1994 Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Ясер Арафат» деп жазылган көрнөк илинди.
Палермо муниципалитетинин төрагасы Леолука Орландо шаарларында андан мурда Арафат менен кошо Ослодогу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан Израилдин мурунку премьер - министри Исак Рабиндин атынын берилгедигин, эми Рабин менен 1994 Нобель тынчтык сыйлыгын бөлүшкөн Арафаттын атын беришкендерин белгиледи.
Орландо мунун Осло келишимдерине кайтууга жана элдердин арасында туруктуу тынчтыкты түзүүгө карата аракет экендигин белгиледи.