АКШдан Иранга жаңы санкциялар

АКШ Ирандын курулуш сектору менен аскердик тармактарда колдонулган кээ бир маанилүү материалдардын соодасына карата жаңы санкцияларды алып келди.

1298491
АКШдан Иранга жаңы санкциялар

АКШ Ирандын курулуш сектору менен аскердик тармактарда колдонулган кээ бир маанилүү материалдардын соодасына карата жаңы санкцияларды алып келди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тегеран башкаруусуна карата санкция режиминин күчтөндүрүлүшүнүн улантылары баса белгиленди. Помпео маалыматында Иран Төңкөрүш Гвардиясынын колунда же таасири астында экендигин айткан курулуш секторунун бутага алынгандыгын белгиледи.

Майк Помпео өзгөчө Ирандын атомдук жана баллистикалык ракета программасында колдонулган 4 материалдын соодасынын да санкцияга киргизилгендигин белгиледи.

АКШ андан мурда да Ирандын финансылык түзүлүшүн бутага алуу менен Иран Борбордук Банкын санкция тизмесине алган. Вашингтон башкаруусу өзгөчө Ирандын лидери Айетуллах Али Хаманей, тышкы иштер министри Жевад Зариф жана Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясында санкция тизмесине кошкон.



Тектеш кабарлар