Афганстанда Талибан кол салды

Кол салууда 2 полиция каза болуп, 3 полициянын жаралангандыгы билдирилди.

1298572
Афганстанда Талибан кол салды

Афганстандын Пактия аймагынын Ахмад Абад районундагы полиция пунктуна Талибан мүчөлөрү жасаган кол салууда 2 полиция каза болду.

Пактия коопсуздук директорлугунун катчысы Сердар Вели Тебессүм Талибан мүчөлөрүнүн Ахмад Абад районуна караштуу Банд Мачалго аймагындагы полиция пунктуна кол салгандыгын белгиледи. Кол салууда 2 полициянын каза болгондугун белгилеген Тебессүм 3 полициянын да жаралангандыгын айтты.

Талибандан берилген маалыматта болсо кол салууда 5 полициянын каза болгондугу билдирилди.

.



Тектеш кабарлар