Тель-Абьядда террористтер бомба жүктөлгөн мотоциклди жардырды

Террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган Тель-Абьяд районунун түштүк элет жеринде Айн Арус айылындагы базарда бомба жүктөлгөн мотоцикл жардырылды.

1295390
Тель-Абьядда террористтер бомба жүктөлгөн  мотоциклди жардырды

Сириянын Түркия чек арасындагы Тель-Абьяд районунун элет жериндеги бир базарда бомба жүктөлгөн мотоциклдин жардырылышынын себебинен 3ү баладан турган 5 жаран жаракат алды.

Террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган Тель-Абьяд районунун түштүк элет жеринде Айн Арус айылындагы базарда бомба жүктөлгөн мотоцикл жардырылды.

Жарылууда жаракат алган 3ү баладан турган 5 жаран, Сириянын улуттук армиясына караштуу саламаттык сактоо топтору тарабынан эң жакын жердеги саламаттык сактоо пунктуна жеткирилди.

Жарылуунун себебинен чөйрөдөгү ашканалар жана унаалар зыянга учурады.

Аймакка барган Сириянын улуттук армиясынын топтору кол салуулардын террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан кылынганы ыктымалына токтолушту.

Террордук уюмдун «Тынчтык булагы» операциясы болгон аймактан чыгуусу туурасында Түркия менен АКШнын ортосунда 17-октябрда жетишилген макулдашууга карабастан Террордук уюм ЙПГ/ПКК Тель-Абьяд жана Рас-эль-Айн райондору менен чөйрөсүндө кол салууларын токтото элек.



Тектеш кабарлар