Орусия менен Түштүк Африка биргелеше курал-жарак чыгарат

Дмитрий Шугаев журналисттерге маалымат берди.

1293981
Орусия менен Түштүк Африка биргелеше курал-жарак чыгарат

Орусиянын аскердик-техникалык кызматташуу боюнча Федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев, Орусия менен Түштүк Африканын биргелеше курал-жарак жана аскердик техника чыгарууну пландагандарын айтты.

Шугаев борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, Түштүк Африка коргоо өнөр жайы тармагында Африканын эң өнүккөн өлкөсү экенин белгиледи.

Орусия катары Түштүк Афирика менен ушул тармакта кызматташууну бекемдегиси келгендерин айткан Шугаев: «Түштүк Африка менен биргелеше курал-жарак жана аскердик техника чыгарууну пландап жатабыз. Бул өндүрүш, эки өлкөнүн армияларына жана кызыккан үчүнчү өлкөлөргө да багытталат»,-деди.

Орусиянын мамлекеттик Рособоронэкспорт ишканасынын башчысы Александр Михеев билдирүүсүндө, ишкананын 55 миллиард долларлык курал экспортунун үчтөн бирин Африка өлкөлөрү түзгөнүн айткан эле.



Тектеш кабарлар