Трамп Түркия-Орусия макулдашуусу тууралуу өз билдирүүсүн жарыялады

Трамп Твиттерден маалымат берди.

1293480
Трамп Түркия-Орусия макулдашуусу тууралуу өз билдирүүсүн жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркия менен Сирия чек арасында чоң ийгиликке жетишилгендигин жана коопсуз тилкенин түзүлгөндүгүн билдирди.

Трамп Түркия менен Орусиянын ортосунда кечээ Сочиде кол коюлган макулдашуудан кийин Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Түркия-Сирия чек арасында чоң ийгиликке жетишилди. Коопсуз аймак түзүлдү. Ок атышпоо уланды жана согуш милдеттери аяктады»,-деди.

Дональд Трамп ошондой эле «ДЕАШтык туткундардын да көзөмөлгө алынгандыгын» белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Сочиде Сириянын түндүгүнө байланыштуу 10 беренелик меморандумга кол койгондорун билдиришкен болчу.



Тектеш кабарлар