Иран телекөрсөтүүсү Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясын каралоого аракет кылды

Иран телекөрсөтүүсү террордук уюмдун мина тузагын «Тынчтык булагы» операциясын каралоо үчүн колдонду.

1292292
Иран телекөрсөтүүсү Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясын каралоого аракет кылды

Иран телекөрсөтүүсү жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын мина тузагын «Тынчтык булагы» операциясын каралоо үчүн колдонду.

Түркиянын түштүк чек арасында курулууга аракет кылынган террордук коридорго бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана бакубаттык алып келүү максатында башталган «Тынчтык булагы» операциясына каршы манипуляциялоо аракеттерин кылууда.

Ирандын испан тилинде эфирге чыккан мамлекеттик телекөрсөтүүсү HİSPAN, уюмдун Тель-Абьяд шаарында тузакка койгон минанын жарылышынан качып бараткан жарандардын фотосүрөтүн бурмалоого аракет кылды.

Аймакта жүргөн Анадолу агенттигинин фото кабарчылары, Тель-Абьяд шаарында ЙПГ/ПКК террористтери жайгаштырып койгон минанын жарылып кетишинен жараланган жарандарга Сирия Улуттук армиясынын жардам көрсөтүп жаткандагысын чагылдырган көрүнүштөрдү жарыялады.

Операцияны каралоо үчүн колдонулган фотосүрөттөр, уюмдун тузагынан келип чыккан көрүнүштөр экени аныкталды.



Тектеш кабарлар