Террористтер Сириянын түндүгүнөн Түркия чек арасына жеткен туннель казышкан

Туннелдин түзүлүшү жөргөмүш желеси сымал

1291802
Террористтер Сириянын түндүгүнөн Түркия чек арасына жеткен туннель казышкан
ypg-pkk, rasulayn tunel1.jpg

Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясында террордук уюм ЙПГ/ПККдан куткарылган Рас- эль-Айн районунда террористтер казган туннель табылды.

Видеодо бул туннелдин Түркия чек арасына чейин жеткендиги байкалды.

Анадолу агенттиги тартып алган видеодо Рас-эль-Айндын борборун айланган туннелдин кире бериши кампанын ичинде жайгашкан.

Тепкичтер менен жердин 13 метр астына түшүлгөн туннелдин бийиктиги 3 метр жана туурасы 2,5 метр болгон.

Рас-эль-Айн районунан киргенде Түркия чек арасына чейин жеткен туннелдин түзүлүшү жөргөмүш желеси сымал.

Бул туннелдин райондун ар кайсы жерлерине тараган бир канча чакырымдык багыттары менен кире бериштери бар. Туннелдин курулушу дагы деле уланып жаткандыгы, ар бир 10 метр сайын желдетүүчү, эс алуучу жайлары болгону байкалды.



Тектеш кабарлар