Трамн: «ПКК, ДЕАШтан дагы жаман»

Дональд Трамп, Италиянын президенти Серхио Маттарелла менен болгон бетме-бет жолугушуусунан кийин Ак үйдө биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1289506
Трамн: «ПКК, ДЕАШтан дагы жаман»

АКШнын президенти Дональд Трамп, «ПКК террор жана террордук коркунуч жагынан ДЕАШтан дагы жаман окшойт», деген серебин салды.

Дональд Трамп, Италиянын президенти Серхио Маттарелла менен болгон бетме-бет жолугушуусунан кийин Ак үйдө биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын башталганы өзүн таң калтырып калтырбаганы суралганда Трамп: « (Президент Режеп Таййип) Эрдогандын чечими мени таң калтырган жок. Көптөн бени ишке ашыргысы келип жүргөн, көптөн бери Сирия чек арасына аскерлерин жыйып жаткан»,-деп жооп берди.

Сириянын түндүгүндөгү аскерлерин чыгарып кеткендерин эске салган Трамп: «(Түркия жана ЙПГ/ПКК) көптөн бери согушууда. Сирия чек арасында да согушуп жатышат. Бул жер Сирия чек арасы. Мен дагы эмне үчүн досубуз болбогон бир өлкөнүн (Сирия) жерин коргоп жатканыбызды сурап жатам. Сириянын да күрттөр менен карым-катнаштары бар жана алар (ЙПГ/ПКК) периште эмес»,-деп айтты.

Трамп: «Бир топ жагынан ПКК, террор жана террордук коркунуч жагынан ДЕАШтан дагы жаман окшойт» деген серебин салып, «Биз НАТО мүчөлөрү менен жакшы мамиледе болушубуз керек жана Түркия НАТОнун мүчөсү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар