Иран Түркия-Ирак чек арасында машыгуу баштады

Машыгуунун Урмия шаарынын элет жеринде башталганы билдирилди.

1284495
Иран Түркия-Ирак чек арасында машыгуу баштады

Иран армиясы өлкөнүн түндүк-батышындагы Урмиянын элет жеринде машыгуу өткөрүүдө.

Иран армиясынын интернет баракчасындагы жазуу түрүндөгү маалыматта, Иран армиясына караштуу Кургактык күчтөр командирдигинин, Түркия-Ирак чек арасындагы Урмия шаарынын элет жеринде «Бир бута, бир ок» урааны менен машыгуу баштаганы билдирилди.

Маалыматта машыгууга тик учурлар колдоо көрсөткөн жөө аскерлер жана аскердик бөлүктөрдүн катышып жаткандыгы белгиленди.

Аскердик машыгуунун канча күнгө созулаары жөнүндө болсо маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар