Николас Мадуро : "Буудан гуманитардык жардам келген жок"

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро БУУнун өлкөсүнө убада кылган гуманитардык жардамды жибербегендигин билдирди.

1281959
Николас Мадуро : "Буудан гуманитардык жардам келген жок"

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро БУУнун өлкөсүнө убада кылган гуманитардык жардамды жибербегендигин белгиледи.

Венесуэла массалык маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда Мадуро өкмөттүн көз оорулары жана бул тармактагы билим берүү тууралуу жаңы ишке ашыра турган кыймыл планында БУУну жана өлкөсүнө санкция салган АКШны сынга алды.

БУУнун «сарайларды, чептерди» убада кылгандыгын айткан Мадуро өлкөсүнө БУУнун эч бир гуманирадык жардам жибербегендигин белгиледи. Мадуро түрдүү жардамдар жана кызматташууларды түзгөн Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму, Панамерика саламаттыкты сактоо ассамблеясы жана ЮНИСЕФке ыракмат айтты.

АКШнын Венесуэлага салган санкцияларына да токтолгон Мадуро Венесуэланын мыйзам тышы жана бир тараптуу санкцияларга дуушар болгондугун баса белгиледи. Мадуро бул санкцияларга карабастан саламаттыкты сактоо тармагында акыркы технология продукцияларына инвестиция салуудан баш тартышпагандарын белгиледи.

Маалаларга 1000 жаңы саламаттык сактоо пунктунун курулушу үчүн 100 миллион доллар бөлүшкөндөрүн айткан Мадуро өзгөчө диализ каражаттарын сатып алуу максатында 168 миллион 275 миң евролук булакты бекитишкендерин билдирди.



Тектеш кабарлар