Асаддын колундагы Дерада кол салуулар көбөйдү
Дера облусунда сентябрь айында 38 кол салуу болду.
Сириянын Дера облусунда сентябрь айында 38 кол салуунун болгондугу жана кол салууда 21 кишинин каза болгондугу жарыяланды. Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөрүнүн Улуттук Коалициясы SMDKдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түштүгүндөгү Дера облусуна сентябрь айында 38 жолу кол салуу жасалгандыгы белгиленди.
Маалыматта кол салууда 21 кишинин каза болгондугу жана 14 кишинин жаралангандыгы белгиленип, кол салуулардын бир бөлүгүнүн мурунку оппозициячылдарга карата болгондугу билдирилди. Бутага алынган мурунку 12 оппозициячылдан тогузунун өткөн жылы июль айында режимдин колуна өтүшүнөн кийин кайрадан режим армиясына кошулууга мажбур болгондугу маалымдалды. Өзгөчө өткөн айда Дерада 22 киши жөнү жок камалып, бир топ кыйноо жана өлүм жазасына тартылгандыгы белгиленди.
Маалыматта SMDKнын төрагасы Окаб Яхянын кол салуулардан Ирандын жооптуу экендиги, Орусиянын Дерада Ирандын жолун тоспогондугу жана эл аралык келишимдерге баш ийбегендиги туралуу көз караштарына орун берилди.
Башар Асад режими Иран колдогон чет элдик террордук топтор жана Орусиянын жардамы менен өткөн жылы Дераны колго алган.
Тектеш кабарлар
Словения Палестина мамлекетин расмий тааныды
Чечимден кийин Палестинанын желеги кол чабуулар менен парламенттин алдына көтөрүлдү.