Израилдин Газадагы кыргындары уланууда...

Израиль аскерлери 2 күн мурда кургактыктан кирген Газа шаарынын Тель аль-Хава аймагындагы көчөлөрдөн жана урандылардын арасынан 14 палестиналыктын сөөгү чогултулду.

2148728
Израилдин Газадагы кыргындары уланууда...

Израиль армиясынын Эл-Бурейж жана Эл-Магази качкындар лагерлерине абадан жана артиллериялык чабуулдарынан 15 палестиналык каза болду.

Израиль аскерлери 2 күн мурда кургактыктан кирген Газа шаарынын Тель аль-Хава аймагындагы көчөлөрдөн жана урандылардын арасынан 14 палестиналыктын сөөгү чогултулду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израиль армиясы согуштук учактар ​​жана артиллериялык аткылоонун коштоосунда кургактыктан Эл-Бурейж качкындар лагерине кирүүгө аракет кылууда.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө, согуштук учактардын Эл-Бурейж качкындар лагерине кол салганы белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Израиль армиясынын Эл-Бурейж жана Эл-Мегази баш калкалоочу лагерлерине  кол салууларынан 15 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Бир тараптан окуяга күбө болгондор Израиль аскерлеринин 2 күн мурда кирген Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Газа шаарындагы Тель аль-Хава районунда чоң кыйроолорду калтырганын белгилешти.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жарандык коргонуу топторунун Тель-Хава конушунда 14 палестиналыктын сөөгүн чогултканын көргөн күбөлөр, сөөктөрдүн аймактан көчүп кетүүгө аракет кылып жатканда Израиль армиясы бутага алган жарандарга таандык экенин айтты.

Окуяга күбө болгондор Израилдин согуштук учактарынын Зейтун жана Сабра райондорун бомбалаганын, аз-Захра жана Рафах шаарларына чабуулдардын жерден уланып жатканын кабарлашты.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында эң аз 15 миң 328и бала жана 10 миң 171и аял болгон 36 миң 550 палестиналык каза болуп, 82 миң 959у жараланды.



Тектеш кабарлар