Кытай Эл Республикасы 70 жылдыгын белгилеп жатат
Пекинде өткөрүлгөн аскердик парадда өлкөнүн атомдук жана гиперсоник ракеталары көрсөтүлдү.
Кытай Эл Республикасынын курулушунун 70 жылдыгынан улам борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн аскердик парадда өлкөнүн атомдук жана гиперсоник ракеталары көрсөтүлдү.
Борбор шаар Пекиндеги Тиенанмын аянтында 1949 - жылы 1 - октябрда курулган Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгы аскердик парад аземи менен белгиленди. Миңдеген аскер катышкан парадда кургактык унаалары менен атомдук ракеталар көңүлдөрдү бурду.
Кытайдын премьер - министри Ли Кэцяндын доклады менен башталган майрамдык иш чара 70 замбирек огунун атылышы менен башталды. Кытай улуттук гимни аткарылгандан кийин президент Си Цзиньпин сөз сүйлөдү. Сөзүндө өткөн 70 жылда өлкөнүн басып өткөн жолунан сөз кылган Цзиньпин акыркы айларда өкмөткө каршы митингдер менен күн тартибине келген Гонконг менен Макао жана Тайванга токтолду.
Си Цзиньпин : «Алдыга карай кеткен жолубузда бир өлкө - эки системанын тынчтыкчыл кайрадан биригүү принциптерин жактап, Гонконг жана Макаодо бейкуттук жана ырааттуулукту улантып, эки кысык карым - катнаштарынын тынчтыкчыл жол менен өнүгүшүн колдоп, ата мекендин кайрадан биригиши үчүн күрөшүүбүз керек»,- деди.
Өткөн 70 жылда Кытайдын маанилүү ийгиликтерге жеткендигин белгилеген Си Цзиньпин : «Эч бир күч улуу ата мекенибиздин статусун буза албайт. Эч бир күч Кытай калкынын өнүгүшүн токтото албайт»,- деди.
Пекинде кечки сааттарда да 70 жылдыктын негизинде майрам жана иш чаралар улантылат.
Тектеш кабарлар
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.