Орусия менен Грузия 11 жылдан кийин биринчи жолу сүйлөштү

Орусия менен Грузиянын тышкы иштер министрлери 2008 -  жылы болгон Түштүк Осетия согушунан кийин биринчи жолу АКШнын Нью – Йорк шаарында жолугушту.

1277660
Орусия менен Грузия 11 жылдан кийин биринчи жолу сүйлөштү

Орусия менен Грузиянын тышкы иштер министрлери 2008 -  жылы болгон Түштүк Осетия согушунан кийин биринчи жолу АКШнын Нью – Йорк шаарында жолугушту.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров грузиялык кесиптеши Давит Залкалиани менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын  74 -  сессиясынын негизинде жолугушкандыгы белгиленди. Швейцариянын арачылыгында өткөн жолугушууда эки тараптуу карым -  катнаштар менен аймактык коопсуздук темаларынын каралгандыгы билдирилди.

Грузиянын тышкы иштер министри Залкалиани да сүйлөшүүдө Түштүк Осетия маселесин карап чыгышкандарын айтып : «Орусия колдогон Түштүк Осетия Грузия менен болгон чек араны кеңейтүүнү улантууда»,- деди. Залкалиани Грузиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетиядагы абалдарды БУУнун Башкы Ассамблея жыйынында бардык эл аралык өнөктөштөрүнө билдиришкендерин айтты.

Түштүк Осетия жана Абхазия маселеси

Грузия армиясы менен Орусия колдогон абхазиялык жикчилдердин арасында 1992 – 1993 -  жылы 13 айга созулган согуш болгон.

2008 -  жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда Түштүк Осетия согушу деп аталган согуш чыккан.

Согуштан кийин Орусия колдогон Абхазия жана Түштүк Осетия аймактары Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган.

2008 -  жылы Орусия да  бул эки аймактын көз карандысыздыгын таныган. Грузия болсо буга жооп катары Орусия менен дипломатиялык карым  - катнаштарын токтоткон. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым  - катнаштардын токтошунан кийин арачылык ролун Швейцария алды.



Тектеш кабарлар