Индонезиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны көбөйүүдө

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин жооптуу кызматкерлери Амбондо кечээ болуп өткөн жер титирөөдө урандылардын астында калып каза болгондордун саны 20дан 23кө жеткенин жарыялады.

1277828
Индонезиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны көбөйүүдө

Индонезиянын Малуку провинциясынын борбору Амбондо болуп өткөн 6,8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 23кө жеткени билдирилди.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин жооптуу кызматкерлери Амбондо кечээ болуп өткөн жер титирөөдө урандылардын астында калып каза болгондордун саны 20дан 23кө жеткенин жарыялады.

Аймакта жер титирөөнүн себебинен жаракат алган 100дөн ашуун кишинин дарылануусу уланып жатканын белгилеген жооптуу кызматкерлер, үйлөрү зыян тарткан орто эсеп менен 15 миң жабыркоочунун убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылганынын маалыматын бөлүштү.

Жер титирөөдө үй, мектеп, мечит жана мамлекеттик имараттар болуп бардыгы 117 миң имараттын зыян тартканы маалымдалды.

Малуку провинциясындагы Тертане аймагында 14-июлда болгон 7,3 баллдык жер титирөөдө 6 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар