Зеленский: «Трамптан бир нерсе сурабайм»

Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында орус басма сөзүнө маалымат берди.

1276197
Зеленский: «Трамптан бир нерсе сурабайм»

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптан бир нерсе сурабай тургандыгын айтты.

Зеленский БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында орус басма сөзүнө маалымат берди.

Трамп менен кайсы темаларды сүйлөшө турганына жана андан эмне сураарына байланыштуу суроого Зеленский: «Колдоо көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүү өткөрүшүбүз мүмкүн. Бир нерсе суроо Украина үчүн ылайыктуу эмес. Украина жаңы, күчтүү өлкө эч кимден бир нерсе сурабайт. Биз башкасына жардамчы боло алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар