Трамп БУУдагы кайрылуусунда ааламдашууга эмес, улутчулдукка чакырды
Трамп: «Акылдуу лидерлер алдыңкы орунга өз калктарын жана өлкөсүн коет. Келечек ааламчылдарга эмес мекенин сүйүүчүлөргө таандык»,-деди.
![Трамп БУУдагы кайрылуусунда ааламдашууга эмес, улутчулдукка чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a953/d628/7453/5d8af33229c53.jpg?time=1718437830)
АКШнын президенти Дональд Трамптан улут мамлекет жана улутчулдукка чакырык...
Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынында сөз сүйлөгөн Дональд Трамп, глобалдашууну четке кагуу жана улутчулдукту кучактоо чакырыгын салды.
Трамп: «Акылдуу лидерлер алдыңкы орунга өз калктарын жана өлкөсүн коет. Келечек ааламчылдарга эмес мекенин сүйүүчүлөргө таандык»,-деди.
Улут мамлекеттердин күчтөнүүсү керектигинин белгисин берген Трамп: «Залда өкүлдүк кылынган ар бир өлкөнүн маданиятын жана тарыхын коргоого укуктуу. Эгерде эркиндик, демократияны кааласаңыз эгемендүүлүгүңүздү бекем сактаңыз, тынчтык кааласаңыз өлкөңүздү сүйүңүз»,-деп айтты.
Дональд Трамп сөздөрүн: «Өз улуттарыбызды сүйүү, дүйнөнү бардык улуттар үчүн дагы жакшы жер кылат»,-деп бүтүрдү.