Афганстанда Ашраф Ганинин митинги жана аскердик лагерге кол салуу

Кол салууну Талибан моюнга алды.

1271154
Афганстанда Ашраф Ганинин митинги жана аскердик лагерге  кол салуу
afganistan gani miting saldiri1.jpg

Афганстандагы эки башка кол салууда 48 киши каза болду. 

Парван аймагында Афганстанда президент Ашраф Гани катышкан шайлоо митингине карата бомбалуу кол салууда 26 киши каза болду. 

Ички иштер министрлигинин катчысы Насрат Рахими журналисттерге берген маалыматында кол салуучунун мотоциклге жайгаштырган бомбаны Парван аймагынын Женгел Баг аймагында митинг үчүн чогулган калың элге жакын жерде жардыргандыгын айтты.

Кол салууда 26 кишинин каза болгондугун алардын ичинен 22синин жарандар экендигин айткан Рахими 42 жарандын да жаралангандыгын белгиледи.

Жаралуулардан 11нин абалынын оор экендиги, каза болгондордун санынын артышынан тынчсыздануулардын болгондугу белгиленди. Көргөн күбөлөр кол салуу чурунда президент Ганинин митинг аянтында болгондугу жана кол салуудан жаракат албастан кутулгандыгын билдирди.

Борбор шаар Кабулдагы АКШ элчилигинин жакындарындагы коргоо министрлигине таандык бир аскердик лагердин алдында болгон жан кечтилик кол салууда 22 киши каза болду. Алардын алтоосу коопсуздук кызматкерлери. 

Ички иштер министрлигинин катчысы Насрат Рахими басма сөзгө берген маалыматында кол салуучунун денесиндеги бомбаны жардырышы менен 38 кишинин да жаралангандыгын белгиледи. Эки кол салууну Талибан моюнга алды. 

 



Тектеш кабарлар