Испанияда абада кырсык
Асманда тик учар менен учак сүзүштү.
1258184
![Испанияда абада кырсык](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c815/7f7d/250e/5d638487c5b0a.jpg?time=1718583990)
Испаниянын чыгышындагы Майорка аралында учак менен тик учардын асманда кагышуусунан 7 киши көз жумду.
Майорканын жергиликтүү башкаруучулугунун билдирүүсүндө, Камино Вьехо де Коститкс аймагында кечээ түшкү маалда жеңил учак менен тик учурдын абада кагышканы маалымдалды.
Кырсыкта тик учардагы экөөсү бала 5 киши менен жеңил учактагы 2 кишинин каза болгондугу белгиленди.