Бразилиянын каражаты жок

Президент Жаир Болсонару журналисттердин суроосуна жооп берди.

1257102
Бразилиянын каражаты жок

 

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару өлкөсүнүн дүйнөнүн эң чоң жамгыр токойлору Амазондордогу өрткө каршы күрөшө турчу каражатынын жок экендигин белгиледи.

Президенттик комплекстен чыгып бара жатканда журналисттердин: «Амазондор Европадан дагы чоң. Ушундай аянтта токой өрттөрүнө каршы кантип күрөшөсүз?»,- деген суроосуна Болсонару: «Бул үчүн каражатыбыз жок» деп жооп берди.

Ашкере оңчул президент Болсонару өткөн жумада Норвегия менен Германиянын Бразилиядагы токойлорго карата туруктуу долбоорлордун алкагында камсыздаган каражаттарды токтотуу чечимине байланыштуу өлкөнүн акчага муктаж эмес экенин айткан эле.

Бир тараптан Амазондорго таасирин тийгизген өрттөрдү өчүрүү иштерине Парагвай менен Боливия да катыша баштады. Амазондордогу тилсиз жоо, Боливияда да 500 миң гектардык токойдун күл болушуна себеп болгон.



Тектеш кабарлар