Трамптын Гренландия боюнча жообу
Дональд Трамп, Ак үйдүн бакчасында журналисттерге маалымат берди.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин АКШнын Гренландияны сатып алуусу пикирин «абсурд» деп сереп салуусун «жаман жана ылайыксыз» деп мүнөздөдү.
Дональд Трамп, Ак үйдүн бакчасында журналисттерге маалымат берди.
Фредериксендин АКШнын Гренландияны сатып алуу пикирин «абсурд» деп сереп салуусун «жаман жана ылайыксыз» деп мүнөздөгөн Трамп: «Менимче бул бир нерсени айтыш үчүн туура жол эмес. Бизге болгону «жок» деп айта алышат эле. Алардын айтышы керек болгон нерсе «муну жасоону тандабайбыз» деп айтуу болчу. «Бул канчалык абсурд пикир» дебегиле бизге»,-деп айтты.
Трамп, өзү президент болуп турган мезгилде эч ким АКШ менен мындай сүйлөшө албай турганын баса белгиледи.
АКШнын миңдеген ДЕАШтын мүчөсүн кармаганын белгилеген Трамп: «Европа бул кишилерди артка кайтарып алган жок. Эгерде албай турган болсо АКШнын бул кишилерди келген жерлерине артка кайтаруудан башка мүмкүнчүлүгү калбайт»,-деди.
АКШнын мңдеген чакырым алыстыкта туруп деле ДЕАШ менен согушуп жатканын айткан Трамп, бул аймакта (Сирия) көп убакытка калууну ойлобогондорун белгилеп, Түркия менен катар аймак өлкөлөрүнүн ДЕАШка каршы дагы көп күрөш жүргүзүүсү керектигин айтып чыкты.
Тектеш кабарлар
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.