Твиттер жана Фейсбук Кытайды Гонконг темасында айыптады

Твиттерден берилген маалыматта 936 эсеп токтотулганы белгиленип, аты аталган дезинформациялоо акцияларынын «Гонконгдо саясий түшүнүшпөстүктү жаратууну максаттаганы» белгиленди.

1255173
Твиттер жана Фейсбук Кытайды Гонконг темасында айыптады

Социалдык медиа платформалары Фейсбук жана Твиттер, Гонконгдо уланып жаткан нааразалык акцияларын дезинформациялаган Кытайды күнөөлөп жүздөгөн эсепти жаап койду.

Твиттерден берилген маалыматта 936 эсеп токтотулганы белгиленип, аты аталган дезинформациялоо акцияларынын «Гонконгдо саясий түшүнүшпөстүктү жаратууну максаттаганы» белгиленди.

Анда бул тема тууралуу жасалган иликтөөлөрдө акциянынын Кытай өкмөтү тарабынан колдоого алынганы жөнүндө ишеничтүү далилдер табылганы баяндалды.

Твиттердин артынан Фейсбук дагы Гонконгдогу нааразылык акцияларын бутага алган жасалма эсептер жана барактардын жоюлганын жарыялады.

Гонконгдо эркинен ажыратылган же айып тагылган кишилердин Кытайга, Макао автономиялуу башкаруу аймагына жана Тайванга кайтарылуусун жеңилдеткен мыйзам долбоору 3-апрелде парламентке сунушталган.

Долбоор саясий кылмыштарды камтыбайт бирок 7,4 миллион калкынын саны бар Гонконгдо элдин чоң көпчүлүгү адамдардын Кытайдын сот системасынын астында туш келди камоолор, адилеттүү болбогон сот процесстери жана ал эмес кыйноого туш боло турганынын санааркоолорун бөлүшүүдө.



Тектеш кабарлар