Пакситан эл аралык коомчулукту Жамму Кашмир темасында эскертти

Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Твиттер баганындагы бөлүшүүсүндө Индиянын акыркы апталарда Жамму Кашмир аймагына карай чектөөлөрүнө каршылык көрсөттү.

1252944
Пакситан эл аралык коомчулукту Жамму Кашмир темасында эскертти

Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Индиянын Жамму Кашмир саясаттары боюнча эл аралык коомчулукту эскертти.

Хан, Твиттер баганындагы бөлүшүүсүндө Индиянын акыркы апталарда Жамму Кашмир аймагына карай чектөөлөрүнө каршылык көрсөттү.

Аймактагы абал дагы да начарлап кете турганын жактаган Хан: «Дүйнө, Индиянын басып алуусу астындагы Кашмирде мусулмандарга карай Сребреницага окшогон башка бир кыргын жана этникалык тазалоого күбө болобу? Эл аралык коомчулукту буга уруксат берген учурунда, бул абалдын мусулман дүйнөсүндө радикалдашуу жана зомбулукка айлана турган жооп кайтаруулар жана реакцияларды жарата турганы темасында эскертким келет»,-деп айтты.

Хан, Жамму Кашмирдик мусулмандарга карай чектөөлөрдүн жана учурда басып алуу астында турган аймакта кошумча аскерлердин болушунун, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин мындан мурда Гужарат провинциясында «мусулмандарга карай этникалык тазалоонун бир мисалы болгонунун» серебин салды.

Кашмирдин Пакистанга караштуу бөлүгү Азад Кашмирдин борбор шаары Музаффарабаддагы Провинциялык мыйзам чыгаруу мажлисинде кечээ сүйлөгөн сөзүндө Хан, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Жамму Кашмирди эл аралык маселеге айлантып стратегиялык ката кылганын белгиледи. Бул катанын өзү үчүн дагы Индия Элдик партиясы өкмөтү үчүн дагы чоң чыгым алып келе турганын айткан.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 12-августтагы жарыясында Индиянын Курман Айт майрамында Жамму Кашмирдеги мусулмандардын диний эркиндиктерин чектөөсүнүн адам укуктарына жана дйнөлүк укукка терс түшкөнүн жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар