Москвада жүргүнчү учагы шашылыш конду

Кырсыкта 23 адам жаракат алды.

1252985
Москвада жүргүнчү учагы шашылыш конду

 

Орусиянын борбор шаары Москвада жүргүнчү учагы аэропортко жакын жердеги жүгөрү талаасына шашылыш конуп жатканда 23 адам жаракат алды.

ТАСС маалымат агенттигинин кабарына караганда, Москвадан Крымдын Симферополь шаарына каттамдарын жүргүзүү үчүн «Жуковский» эл аралык аэропортунан учкан Airbus A321 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы, көп өтпөй канаттуулар менен кагышуусунан өрттөнүп аэропортко жакын жердеги жүгөрү талаасына шашылыш конду.

234 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон учакта 9у бала 23 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар