Мьянмада болгон жер көчкү

Апаатта каза болгондордун саны 51ге жетти.

1251790
Мьянмада болгон жер көчкү

 Мьянманын түштүк чыгышындагы Мон аймагында катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү болуп, бул апаатта каза болгондордун саны 51ге жетти.

Киодонун кабарына караганда Мьянма өрт өчүргүч уюмунан берилген маалыматта Татон шаарына караштуу Танфю гоне айылында жума күнү болгон жер көчкүдө топурак астында калгандарды издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы белгиленди.

Жума күндөн бери урандылардан 51 сөөктүн чыгарылгандыгы, 42 кишинин жаралуу кутулгандыгы билдирилди.

Жаралуулар Татондогу ооруканада дарыланууда. Мьянманын түштүгүндө Бенгал булуңунда таасирдүү болгон тропикалык бороон алып келген катуу жамгыр жаашынан улам акыркы төрт күндө Мон жана Кайин аймактарында 12 миң киши үйлөрүн бошотту.

Акыркы жумаларда катуу жамгыр жаашынан улам жалпы өлкөдө 89 миң киши убактылуу баш калкалоочу жерлерге же коомдук имараттарга баш калкалоого мажбур болду.



Тектеш кабарлар