2.5 миллион киши ачкачылыктан кырылып калышы мүмкүн

Дэвид Бизли: «Кризис күн өткөн сайын курчуп баратат»

1249788
2.5 миллион киши ачкачылыктан кырылып калышы мүмкүн

 

Африка өлкөсү Зимбабведе элдин үчтөн биринен ашыгын түзгөн 5 миллиондон ашуун кишинин чукул азык-түлүк жардамына муктаж экени, булардын жарымынын болсо ачкачылыктан кырылып калуу коркунучунда турганы билдирилди.

БУУнун Дүйнөлүк азык түлүк программасы, кургакчылык жана экономикалык кризис менен алпурушкан өлкөнү март айында уруп өткөн Циклон Идаинин чыгымдарынын ордун толтурууга аракет кылып жаткан Зимбабве үчүн 331 миллион долларлык каражат керек экенин маалымдады.

Дүйнөлүк азык түлүк программасынын төрагасы Дэвид Бизли: «Кризис күн өткөн сайын курчуп баратат»,- деп айтып 2.5 миллион кишинин ачкачылыктан кырылып калуу коркунучунда турганын белгиледи.

Катуу кургакчылыктын өлкөдөгү кризисти тереңдеткенин айткан Бизли: «Жардам көрсөтпөсөк жүз миңдеген киши үчүн кеч болуп калат»,-деди.



Тектеш кабарлар