Усаме бин Ладендин уулунун каза болгондугу айтылууда

АКШ чалгындоосунун Аль Каиданын мурунку лидери Усаме бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин каза болгондугуна байланыштуу маалымат алышкандары билдирилди.

1246329
Усаме бин Ладендин  уулунун каза болгондугу айтылууда

 АКШ чалгындоосунун Аль Каиданын мурунку лидери Усаме бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин каза болгондугуна байланыштуу маалымат алышкандары билдирилди.

Американын NBC каналына маалымат берген жана атынын билдирилишин каалабаган үч жетекчи Хамза бин Ладендин каза болгонуна ишенишкендерин билдирди. Жетекчилердин Хамза бин Ладендин кайда, кандай каза болгондугуна жана АКШнын буга аралашып же аралашпагандыгына  байланыштуу маалымат беришпей тургандары билдирилди.

Американын CNN каналына маалымат берген жана атынын билдирилишин каалабаган башка бир жогорку мартабалуу жетекчи да Хамза бин Ладендин каза болушуна АКШнын аралашкандыгын бирок кенен маалымат бербей тургандыгын белгиледи.

Ак үй Анадолу агенттигинин бул тууралуу берген суроосуна жооп бербестен, АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттердин бул тууралуу суроосуна : «Жооп жок» деп жооп берди.

АКШнын тышкы иштер министрлиги март айында Хамза бин Ладендин башына 1 миллион доллар сыйлык койгон. Министрлик  : «Аль Акида уюмунун ичинде жогорулап бара жаткан лидер» деп аныктаган Хамза бин Ладенди 2015 -  жылдан бери уюмдун террористтерин АКШ базаларына кол салууга үгүттөө видеолорун тартуу жана 2011 -  жылы өлтүрүлгөн атасы Усама бин Ладендин өчүн алууга аракет кылуу менен күнөөлөгөн.

Хамза бин Ладен 2017 -  жылдан бери «Атайын белгиленген глобалдык террорист» статусунда.



Тектеш кабарлар