Сауд Арабия Йемен чек арасында эки аскеринин каза болгондугун билдирди

Сауд Арабия жума күнү да 2 аскеринин каза болгондугун билдирген.

1244408
Сауд Арабия Йемен чек арасында эки аскеринин каза болгондугун билдирди

Сауд Арабия Йемендин түштүк чек арасында 2 аскеринин каза болгондугун билдирди.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAнын кабарына караганда Йемендин түштүк чек арасында 2 Сауд Арабия аскери өлтүрүлдү.

Кабарга караганда каза болгон аскерлердин ысымдары лейтенант Сууд бин Мухаммед ел   - Гамеди менен Муса Серад ел  - Жабири деп билдирилди.

Аскерлердин качан жана кандайча өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат берилген жок.

Сауд Арабия жума күнү да 2 аскеринин каза болгондугун билдирген.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде Иран колдогон хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 -  жылы сентябрь айынан бери борбор шаар Сана менен кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган Сауд Арабия жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар