Палестина Израиль менен түзүлгөн келишимдерди токтотту

Мамлекет башчысы Аббас Израиль менен түзүлгөн бардык келишимдердин токтотулгандыгын жана бул чечимдин ишке кириши үчүн бир механизмдин түзүлөрүн айтты.

1242997
Палестина Израиль менен түзүлгөн келишимдерди токтотту

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Израиль менен түзүлгөн бардык келишимдерди токтоткондугун билдирди. Махмуд Аббас Палестина Боштондук Уюмунун Борбордук Кеңешинин басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарында орун алган президенттик сарайында өткөрүлгөн жыйындан кийин маалымат берди.

Мамлекет башчысы Аббас Израиль менен түзүлгөн бардык келишимдердин токтотулгандыгын жана бул чечимдин ишке кириши үчүн бир механизмдин түзүлөрүн айтты.

Эл аралык коомду Израиль басып алган Чыгыш Кудстун Сур Бахир аймагындагы Вади Ел-Хуммус мааласындагы үйлөрдү кулатуу жана Палестина жерлериндеги эреже бузууларын токтотуусу үчүн дароо аракетке өтүүгө чакырган Аббас буларды айтты : «Биздин калкыбыз өз укуктарына ээ болмоюнча аймакта жана дүйнөдө тынчтык да коопсуздук да ырааттуулук да болбойт. Убакыт узарса да кыскарса да баскынчы мамлекет кулайт жана эзелки мамлекетибиз көз карандысыздыгына жетишет».

Палестина Боштондук Уюмуна караштуу Палестина Борбордук Кеңеши 2018 -жылы октябрь айындагы 30 -мезгилдик жыйынында да Палестина мамлекетин тааныганга чейин «Израилди таануу» чечимин жойгон болчу.



Тектеш кабарлар