Орусия менен Түркия Жер Ортолук деңизде кызматташат

Александр Новак, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга байланыштуу маалымат берди.

1243022
Орусия менен Түркия Жер Ортолук деңизде кызматташат

 

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Жер Ортолук деңизде соода жагынан баардык тараптарга пайдалуу долбоорлор бар болсо, орус ишканаларынын Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия менен кызматташа алаарын белгиледи.

Новак бүгүн Антальяда катыша турган Түркия-Орусия Кошмо экономикалык комиссиясынын кезектеги 16-жыйынынын алдында Анадолу агенттигине эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга байланыштуу маалымат берди.

Александр Новак орус газын Европага ташый турган «Түрк агымы» жана Мерсин Аккую станциясы сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышынын негизинде соода тармактарында жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн түзүлөөрүн белгиледи.

Аккую станциясында Түркия менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү экенин баса белгилеген Новак: «Долбоордо курулуш иштери ылдам уланып жана 2023-жылы бүткөрүлүшүн күтүп жатабыз. Долбоордо курулуштун каражаты жагынан баардык темалар чечилди»,-деди.

Жер Ортолук деңизде Орусия менен Түркиянын ортосундагы ыктымалдуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берген Новак: «Жер Ортолук деңизде орус ишканалары орун алган ийгиликтүү долбоорлор бар. Эгерде соода жагынан баардык тараптарга пайдалуу долбоорлор бар болсо, орус ишканалары Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия менен кызматташууга багытталган чечимдерди чыгарышы мүмкүн»,- деп айтты.

 



Тектеш кабарлар