Ирак өкмөтү Эрбилдеги кол салууну айыптады

Куралдуу кол салуу Анкара-Багдад карым-катнаштарына таасирин тийгизбейт.

1237790
Ирак өкмөтү Эрбилдеги кол салууну айыптады

 

Ирак өкмөтү, Түркиянын Эрбилдеги консулдук кызматкери шейит кылынган кол салуунун Багдад менен Анкаранын ортосундагы тарыхый жана стратегиялык карым-катнаштарга таасирин тийгизбей турганын билдирди.

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Түркиянын Эрбилдеги башкы консулдугунда кызмат кылган дипломаттын каза болушуна алып келген кол салууну катуу айыптайбыз»,-делди.

Ошондой эле: «Бул мыкаачылык кол салуу, Багдад менен Анкаранын ортосундагы тарыхый жана стратегиялык карым-катнаштарга таасирин тийгизбейт, орток кызыкчылыктардын ишке ашырылуусу үчүн дос эки өлкөнүн ортосундагы жакын мамилени буза албайт»,-деп айтылды.

Ирактын Эрбил шаарында кечээ ресторанга болгон куралдуу кол салууда Түркиянын Эрбилдеги башкы консулдугунда кызмат кылган бир дипломат шейит болуп, 2 Ирак жараны каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар