Индияда сел жүрдү

Селде каза болгондордун саны 109га жетти.

1238060
Индияда сел жүрдү

Индиянын чыгыш жана түндүк чыгышында акыркы күндөрдө катуу жааган жамгыр жол ачкан селдерде каза болгондордун саны 109га жетти.

Hindustan Timesтын кабарына караганда жетекчилер катуу жааган жамгырдан улам жүргөн селде провинциялардан Уттар Прадеште 6, Ассамда  30, Бихарда 67, Мизорамда 5, Мегхалаяда болсо 1 кишинин каза болгондугун жарыялады.

Жетекчилер Бихарда 4, 6 миллион, Ассамда болсо  5, 57 миллион кишинин селден таасирленгендигин, сел жүргөн аймактарда куткаруу иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.

Мегхалаяда катуу жамгыр жаашы жол ачкан жер көчкүдөн жолдор менен кээ бир коомдук имарттар зыян тартып, Мизорамда да ташкан дарыя сууларынан улам 32 айыл суу астында калып, эң аз миң үй  - бүлө аймактан чыгарылган.

Ассамдагы Казиранга улуттук паркынын 90 пайыздан ашыгы суу астында калып, араларында бир пил менен төрт керик да болгон 30 жаныбардын жок болгондугу белгиленген.

 



Тектеш кабарлар